8-март Айымдардын эл аралык күнү!
8-март Айымдардын эл аралык күнүнө карата Саймалуу-Таш орто мектебинде кыздар арасында конкурс болуп өттү. Бул конкурска 5-класстын кыздарынан тартып 11-класстын кыздарына чейин катышып мыкты атаандаштык көрсөтүштү. Кыздар «Кызгалдак» жана «Равиля» аттуу 2 командага бөлүнүштү. Жыйнтыгында 155 балл менен «Кызгалдак» командасы жеңишке жетишишти. Ал эми 148 балл менен «Равиля» командасы экинчи орунду камсыз кылышты.
Комментарии