Тарых бизге тартуулаган «Ак калпак» жана «Кызыл желек» !
Жаз айынын алгачкы күнүндѳ кыргыз элинин улуттук баш кийими болгон ак калпак күнү жана эгемен мамлекеттибиздин ѳз алдынчалыгын далилдеген Кыргыз мамлекеттинин кырмызы кызыл туу күнү мектебибизде белгиленди.
Ак кар баскан Ала-Тообуздун элесин кѳз алдыбызга тарттырган улуттук баш кийимибиз кыргыз жигиттери үчүн айбаттуулукту, сүрдүүлүктү, айкѳлдүктү кѳргѳзүп, башына кийип жүргѳн ак калпагы менен алар ар дайым бийик экендигин даңазалап келет. Албетте ак калпак кийген кыргыз жигиттерин кѳргѳндѳ кѳкүрѳктѳ мекенчил сезим күчѳп, башында ак калпагы бар улуу Кыргыз болуп жаралганыбызга сыймыктанбай кое албайбыз. Ошондон улам кыргыз элинде «Асмандан жарык кѳрсѳң жылдыз деп бил, ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил» деген ураан бекеринен чыкпаса керек.
Балпайышып аталар,
Бакай калпак кийишкен.
Түрлөп көркүн чыгарып,
Ууз энелер тигишкен.
Ак кар жатса тоолордо,
Бийиктигин билдирет.
Калпак кийген атанын
Ыйыктыгын билдирет.
Комментарии