Биз жөнүндө

№11 Саймалуу-Таш жалпы билим беруучу орто мектебинин тарыхы.

         Эн алгачкы мектеп Маркс кыштагына салынып, курулушун Бошкоев Келгенбай деген уста курган. 1929-жылы ачылып башталгыч мектепке алгачкы жетекчи Чокоев  (Кош Доболук) андан кийин Туйтоев Батыр иштеп, ага Атай айыл кенешинин бардык аймактарынан барып окушкан. Андан кийин кыштактар ирелештирилип колхоздор бириккенде  1939-жылы Молотов кыштагында башталгыч класс ачылып мектеп курулуп буткон.

 

Мектеп жетекчиси Тулогулов Байымбет болгон. Ушул жылдарда мектепте Жунушалиев Аскар, Байымбетов Кочорбай, Саадабаев Курмуш, Черикбаев Акмат (Тоголок Молдолук) Акматжанов Рыскул жана Ибраимов Бакас деген мугалимдер иштешкен. 1941-жылы жети жылдык мектеп ачылган, андан Залимтороев Данияр, Ташматов Барктабас, Арзыкулов Абит, Минбаев Шамалбек, Токтоназаров Абылакун жана башкалар окушкан.

 

1941-1942-жылдарда Атай жети жылдык мектебинде Мугалим болуп иштеген Жусупова Букеш (Нарындык), 1942-1947-жылдарда Молотов жети жылдык мектебинде директор болуп иштеген.

 

1947-1948-жылдарда директор Байымбетов Кочорбай болгон.  Мугалимдик кадрлардын жетишсиздигинен Атай жети жылдык мектебинин 7-классынын бутуруучулору Минбаева Пайыз, Ажымамбетова Эркебу, согуштан келген Назарматов Кадан мугалим болушкан.Алар Нарын шаарынын мугалимдик даярдоо курсунан отуп келишкен.

 

 

1931-жылдан 1940-жылга чейин мектепте 5тен 45 чейин окуучу билим алып окушкан.

1940-1952-окуу жылдарында Атай жети жылдык мектептин директору Дооталиев Кобогон иштеген. Жети жылдык мектепте мугалим болуп Жунушалиев Асан, Жунушалиева Жумабубу, Черикбаев Акмат, Болотбеков Кайназар, Назарматов Кадан, Калиев Сабыралы, Орозова Эркебубу, Минбаева Пайыздар иштешкен. 45 тен 70 ке чейин окуучу окуган.

 

1953-1954-окуу жылында директор болуп Бекназаров Бекиш иштеген. Башталгыч класстар деле карлик болуп окушчу 1-3-класс 2-4-класстын мугалими болуп Исмаилов Бектурган, Сатина (Нарындан) Молдомусаев Жусуп, Айкан, Бакасов Рахман, Бектенов Сулайман жана башка бир топ мугалимдер иштешкен. Болжол менен 70 ке жакын окуучу окуган.

 

1954-1955-окуу жылында мектепте директор болуп Карабеков Апаз иштеген. Ушул жылы мугалим болуп Бекназаров Бекиш, Айкан, Калиев Мааданбек, Арзыкулов Абит, Молдомусаев Жусуп, Бкасов Рахман, Исмаилов Бектурган, Сатина жана башкалар иштешкен. Болжол менен  70-80-окуучу окуган.

 

1955-1957-окуу жылында директор болуп Бердалиев Акималы иштеген. Мугалим болуп Калбаев Мааданбек , Арзыкулов Абит, Турудуев Кенешбек, Карабеков Апаз, Иванова Тамара Михаиловна жана башкалар иштешкен. Ушул жылдары окуучунун саны 90 го чейин жеткен.

 

1949-жылы окуучулардын санынын жетишсизигинен жети жыдык мектеп жабылып башталгыч класс кайра ачылып жетекчиси Жумашов Орозалы (Ысык-Колдук)  мугалим Атакозуев Жаныш (Токтогулдан)  1957-жылга чейин иштешкен.

1957-1960-жылдары Чукулдаев Жакаш (Чет-Булактан) мектеп жетекчиси Танаев Калманбет (Чет-Булактан) иштеп турганда мектеп жоюлуп айылдын балдары 1972-жылгы чейин Атай жети жылдык мектепке барып келип  окушкан, ал мектепте малчылардын балдары учун жатакана берилген.

 

1994-2001-жылдары Карл-Маркс орто мектеби Саймалуу-Таш орто мектеби деп аталып анда жалпы 166 окуучу окуган 20 мугалим эмгектенген 8 тех кызматкер иштеген, директор болуп Абышбаев Абдалы иштеген, окуу болумунун башчысы Чоюбекова Батма иштеген.

 

2001-2003-жылдарында Сейталиева Турганбу , 2003-2006-жылдары Шерматов Алмаз 2006-2009-жылга чейин Абышбаев Абдалы 2009-2018-окуу жылынан баштап Чоюбекова Батма директор болуп иштеген. 2018-жылдан бери Аалиев Баатыр директор болуп иштоодо.

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета