«23-АПРЕЛЬ»
№11 Саймалуу-Таш жалпы билим берүүчү орто мектебинде 23-апрель . «Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук» күнү карата «Китеп- кылым мурасы» аталышында семинар өткөрүлдү . Семинарга Тогуз-Торо райондук администрациясынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Карагулова Токтобү Дүйшөнбековна , Райондук билим берүү бөлүмүнөн Ажыбаев Залкар , Какаева Таалайкүл , Жээналиева Жыргал, атайайыл өкмөтүнүн башчысы Жаңыбаев Аскер Карыбекович , мектептерден келген китепканачылар катышышты
«Китеп баркын билген баалуу окурманга жеткирген асыл инсандар » аталышында «Бир адамдан биркитеп «акциясына Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Жаңыбаев Аскер Карыпбекович мектеп китепканасына 10-китеп белекке берүүнү убада кылды .Айыл тургуну Токтосунова Тумарбү чоң «Семетейдин баяны» деген эки китепти белекке берди . Сагындыков Абибакир чоң атанын үй бүлөсүнөн 10 китеп белекке берилери айтылды.
«Китеп окууга убакыт» аталышында чоң ата менен чоң энеден жомок окуп берүү үчүн Токтосунова Тумарбу чоң апа Сагындыков Абибакир чоң ата окуучуларга кызыктуу жомоктордун окуп беришти .
Башталгыч класстын мугалими Биримбаева Элмира 2-классынын ата- энелер менен биргеликте » Окурман үй бүлө» аталышында сабак өттү.
Манапбаева Карлыгач Медеткановна 10-11- класстын окуучулары менен бирге » Китеп адамзаттын рух азыгы» деген темада поэзия кечесин өтүшүп ата- энелер комитетинин төрайымы Камчыбекова Гүлсара баласы Таалайбек уулу Денис кызыктуу диолог айтып беришти.
Семинар » Китеп адамды , адам дүйнөнү өзгөртөт» деген аталышта китепканада Өмүрова Элмира Абдыкариевнанын конференциясында баарлашып пикир алышуу менен жыйынтыкталды.
Комментарии