25-май «Акыркы коңгуроо»
- 2023-20224- окуу жылына карата 25-май «Акыркы коңгуроо» салтанатын №11 Саймалуу-Таш жалпы билим берүүчү орто мектеби мектеп бүтүрүүчүлөрүн алтын уя ак мектебинен учурушту. Акыркы коңгуроо салтанаттуу аземи Кыргыз Республикасынын гимни менен ачылып мектеп директору Аалиев Баатыр Бектемировичке сөз берилди .Келген меймандарга , келген мейсандарга кезек-кезеги менен сөз берилди .Мындан 20-жыл мурун бүтүрүп кеткен 20 жылдык мааракенин ээлери жолугушууга келишип Жакыпова Бөйтө , Манапбаева Кардыгач Медеткановна класс жетекчилерине белектерин беришип , айыл элине боз үй, мектеп китепканасына көркөм адабий китептерди тапшырышты. Быйылкы окуу жылында мектептиги жетишкендиктери үчүн мугалимдерге жана окуучуларга мектеп громоталары тапшырылды. Жыл сайын мектеп окуучулары үчүн Стамбаев Шамыркан агайдын, Исманов Аскар агайдын Осмоналиева Гүлүмкан эжеке-агайлардын атынан фонт уюштурулуп мектептеги эң алдынкы окуучуларга ардак громоталары акчалай сыйлыктары тапшырылды. Мектептин ата-энелер комитетинин төрайымы Чотомкулова Батма ата-энелер жана мугалимдер менен биргеликте жылына 200 сомдон фонд уюштурулуп быйылкы жылга окуучулар үчүн ар кандай иш чараларга кийүүгө окшош формасын тиктирип беришти.
Комментарии