Аалиев Баатырбек Бектемирович
Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районунун Карл Маркс айылында 1983-жылы туулган.
Нарын Мамлекеттик Университетине 2000-жылы тапшырып, 2009-жылы Информациялык технологиялар факультетин аяктаган .
Эмгек жолун 2001-жылы Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы №13 М.Жаңыбаева Атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинен дене тарбия мугалими болуп баштап, 2003-жылы №11 Саймалуу-Таш жалпы билим берүүчү орто мектебине математика мугалими болуп котурулган.
2008-2009-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнүн класс жетекчиси
2010-2011-жылы Республикалык “Жыл мугалими –2011” сынагына катышып Райондук деңгээлде 3-орунду камсыз кылган.
2010-2013-окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары.
2013-2018-окуу жылы окуу тарбия иш тери боюнча директордун орун басары
2018-2019-окуу жылынын бери №11 Саймалуу-Таш жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору болуп иштеп келе жатат.
Алган сыйлыктары: Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак громатасы”-2021, Райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы”- 2019, Райондук билим берүүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин «Ардак грамотасы»-2011, Райондук билим берүү бөлүмүнүн «Ардак грамотасы»,-2011, Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Ардак грамотасы”-2020 ,