Мектепте олимпиада өткөрүүнүн жобосу.
«Мектепте олимпиада өткөрүүнүн жобосу.»
Мектеп ичинде өткөрүлүүчү предметтик олимпиаданын жоболору:
Жалпы жобо:
Предметтик одимпиада таланттуу, өзгөчөлөнгөн балдарды тандап, таанып билүүсүн, кызыгууларын өркүндөтүү үчүн өткөрүлгөт.
Жалпы билим берүүчү мекемелер өткөрүп жаткан мектеп олимпиадасы – Жалпы Республикалык олимпиаданын – биринчи этабы катышуучулардын саны жана курамы көз карандысыз аныкталат. Олимпиадага 5-11 класстын окуучуларынын каалаганы катыша алат. Олимпиада I чейректин аягында же II чейректин башында мектептин традициясына жана иш планына жараша өткөрүү убагы тандалат. Предметтик олимпиаданын биринчи этабынын уюштуруу коммитетинин жана калыстардын функцияларын предметтик мугалимдер чогуу бирдиктүү аткарышат.
Педогогикалык-коллективдик талантту окуучулар менен ишмердүүлүгүнүн жыйынтыг – мектептик-предметтик олимпиада, ал окуу сабактарынын гана эмес, класстан тышкары ишмердүүлүктүн (кружоктордун, секциялардын ж.б), окуучулардын чыгармачылык өнүгүшүнүн, өз алдынча мааалымат топтоп изденүүчүлүгүнүн, идимий-көрүнүктүү адабияттар менен кызыгууларынын, интернет менен достошкондугунун жыйынтыгы.
Мектептик олимпиада төмөнкү предметтер боюнча, өткөрүүгө болот: физика, математика, химия, биология, география, орус тили жана келерки жылга башкажалпы республикалык олимпиада кайсы предметтерден өткөрүлсө, ошол предметтер алынат.
Олимпиаданын маселелери:
Окуучулардын чыгармачылык ишмердуулуккө кызыгууларын өнүктүрүү жана илимий билимдүүлүктү жайылтуу.
Таланттуу балдар менен иш алып баруунун программасынын алкагында кесип тандоого, багыттоого жана жөндөмдүүлүктөрүн колдонууга шарттарды түзүү.
Окуучуларды илимий-практикалык ишмердүүлүккө тартуу.
Предметтик олимпиаданын экинчи туруна жөндөмдүү окууучуларды тандап алуу.
3.Олимпиаданын уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби:
3.1. Жалпы билим берүүчү мекеменин методикалык бирикмесинин төрайымы (методикалык бирикменин жетекчиси) – мектептик предметтик олимпиаданы өткөрүүгө жооптууу.
3.2. Олимпиаданын тапшырмаларынын тексттерин сабак берген мугалимдер предметтин өзгөчөлүгүн эске алуу менен түзүп чыгып методикалык бирикменин кеңешмесиндеталкууга коюлат, андан кийин бекитүүгө жиберилет. Ар бир тапшырмага берилүүчү баллдар,маселелердин чыгарылыштары, жооптору да тиркелет. Баалоонун критерийлери да ( тапшырмалардын татаалдыгына жараша) көрсөтүлүшү керек.
3.1. Тапшырмаларды түзүүгө мүмкүн болбосо, теориялык эсперименталдык тапшырмаларды шаардык методикалык кабинеттен биринчи этап үчун алса болот.
3.4. Олымпиаданы окуу күндөрү, жалпы билим берүүчү жетекчилигинин уруксаты менен сабактан кийин же кружоктук иштин отурумдарында өткөрсө болот (мыкты предметти өздөштүргөн окуучуларды атайын чакыруу менен, ал эми каалоочулар да катышса болот) олимпиаданын өтүү убагында.
3.5. Олимпиада бардык параллель класстар үчүн бир күндө же бекитилген график боюнча өткөрүлөт.
3.6. Параллель класстар менен олимпиаданы бир же бир нече мугалимдер өткөрсө болот.
3.7. Олимпиада жүрүп жатканда администрациянын мүчөлөрү же методикалык бирикменин мүчөлөрү катышса болот.
3.8. Окуучуларга олимпиаданын өткөрүү мөөнөтү жана тартиби менен он күн эрте тааныштыруу керек.
3.9. Олимпиаданын жазуу иштерин предметтик мугалимдер текшеришет. Ар бир тапшырма өзүнчө бааланат.
3.10. Олимпиаданын жыйынтыктары эки күндүн аралыгында чыгарылып окуучуларга жарыяланат.
3.11. Берилген бардык тапшырмалардан жогорку балл алгандар олимпиаданын жеңүүчүсү болот да, ар бир парллельдер боюнча биринчи, экинчи жана үчүнчү орундар бөлүштүрүлөт.
3.12. Предметтик олимпиаданын биринчи этабынын жеңүүчүлөрү мектеп коллективинин маалымат баракчасына белгилүү болот.
3.13. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү мектептин грамоталары же белектери менен сыйланат жана анда кийинки турга жолдомо алышат.
- Олимпиадага катышуучулардын укуктары.
4.1. Олимпиаданын уюштуруучулары жана катышуучулар, мугалим предметниктер, мектептин жетекчилиги тарабынан эс алуу күндөрдү алса болот, же акчалай сыйлыктар менен сыйланат.
4.2. Эгерде, олимпиадага катышуучу ооруп калса, же башка негиздүү себептер менен катыша албай калса, анда ал окуучуга жекече тапшырма алууга укугу бар же олимпиаданын экинчи туруна катышса болот.
4.3 Мектептик олимпиадага катышкан окуучу өзүнүн иши менен жыйынтык чыккандан кийин таанышуууга укуктуу жана предметтик мугалим менен кружоктук сабактарда жоопторду түшүндүрүлүшү менен маалымат баракчасынан алынат.
- Олимпиаданы уюштуруучулардын жоопкерчиликтери
5.1. Олимпиаданы уюштуруучулар жана предметтик мугалимдер тапшырмаарды өз убагында даярдабай графикти бузгандыгы үчүн жооп берет.
5.2. Жалпы билим берүүчү мекеменин буйругу менен олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөрдөн ар бир класстан экинчи турга катышуучулардын курамы түзүлөт. Ушул эле документте мугалимдердин ичинен мектептин курама командасын жетектеп аларыдн ден соолугуна жана өмүрүно жооптуу адам дайындалат.
- Олимпиаданын өндүрүшук ишмердүүлүугүнүн жыйынтыгы
6.1. Мектептик олимпиаданын өтүшүнүн отчетуна жооптуу болуп, методикалык бирикменин жетекчиси эсептелет.
6.2. Биринчи, экинчи, үчүнчү орун алган жеңүүчүлөрдун тизмеси жана көрсөтүлгөн очет мектептин билим берүү ишмердүүлүгү боюнча директордун орун басары райондук билим берүү башкармалыгына бекитилген схема боюнча жөнөтөт.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Мугалимдин
С Т А Т У С У
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Мугалимдин статусу жөнүндө
I Глава. Жалпы жоболор
II Глава. Мугалимдин укуктары
III Глава. Мугалимдин милдеттери жана жоопкерчилиги
IV Глава. Мугалимди даярдоо, кайра даярдоо жана
квалификациясын жогорулатуу
V Глава. Корутунду жоболор
Ушул Мыйзам мамлекеттик саясаттын принциптерин аныктайт, мугалимдин иши менен байланышкан укуктук, социалдык-экономикалык мамилелерди жөнгө салат жана жалпы орто, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин укуктук абалын сапаттык жактан жакшыртууну камсыз кылуучу шарттарды түзүп берүүгө, аларды социалдык жактан коргоо кепилдиктерин ишке ашырууга багытталган.
I Глава
Жалпы жоболор
1-статья. Мугалимдин статусунун мазмуну
Мугалим — зарыл кесиптик билимге жана тиешелүү квалификацияга ээ, жалпы орто мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде иштеп жаткан, окутуу, илимий, усулдук, тарбиялык, уюштуруучулук жана жетекчилик иштерди аткаруучу киши.
Педагогдук иштин шарттары жана мүнөзү мугалимдин статусунун мазмунун аныктайт, ал мугалимдин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин, ошондой эле аларды ишке ашыруунун кепилдиктерин камтыйт.
Мугалим Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген бардык укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланат.
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июлундагы N 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Мугалимдик статуска ээ болгондор
Кыргыз Республикасынын жана башка ар кандай өлкөнүн зарыл болгон педагогикалык билимге жана тиешелүү квалификацияга ээ болгон, ар түрдүү типтеги жана менчиктин түрүндөгү, окутуу, илимий, усулдук, тарбиялык, уюштуруучулук жана жетекчилик иштерди аткаруучу жалпы орто, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде иштеген жарандары мугалимдик статуска ээ.
Педагогикалык билими жана квалификациясы жокторго квалификацияны жогорулатуучу тийиштүү кайра даярдыктан жана аттестациядан өткөндөн кийин мектептердин, мектепке чейинки жана мектептен тышкары билим берүү мекемелеринин педагогикалык кеңешинин чечими боюнча педагогдук иш жүргүзүү укугу берилет. Квалификациясынын жетишсиздигине жана окуу-тарбия ишинин принциптерине сыйбаган адепсиз аракеттерине байланыштуу мугалимди статусунан ажыратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июлундагы N 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Мугалимдин статусу жөнүндө мыйзамдар
Кыргыз Республикасынын мугалимдин статусу жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын жоболоруна негизделет жана ушул Мыйзамдан жана мугалимдин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
4-статья. Мугалимдин педагогдук ишинин принциптери
Мугалимдин ишинин негизги принциптери:
— окуучуну окутууга, тарбиялоого, өнүктүрүүгө жекече багытталган мамиле;
— окуучунун укуктарын жана эркиндиктерин, улуттук-маданий каада-салттарга урмат көрсөтүүнү камсыз кылган окутуунун жана тарбиялоонун гумандуулук мүнөзү;
— жалпы адамзатка таандык моралдык принциптерди жана адеп-ахлактык дөөлөттөрү жактоо;
— окуучуларга алардын жынысы, этникалык теги, тили, тек жайы, диний ынанымы боюнча түздөн-түз же жекече же коомдук мүнөздөгү кандайдыр бир башка шарттар жана жагдайлар боюнча түздөн-түз тымызын жана (же) кыйыр басмырлоого, укуктарын чектөөгө жана артыкчылык берүүгө жол бербөө;
— окуучуларды мекенди сүйүү, жогорку жарандуулук, эл достугунун духунда тарбиялоо;
— билим берүүнүн жолун жолдоочулугу;
— педагогикалык иштин уюштуруу усулдардын жана формаларын эркин тандап алуу;
— окутуу жана тарбия берүү принциптеринин биримдиги;
— илимдин, техниканын жана маданияттын эң соңку жетишкендиктеринин негизинде өз билимин өркүндөтүү;
— окуучулар жана алардын үй-бүлөлөрү менен тыгыз байланыш;
— балдар жана жаштар бирикмелери, эмгек жамааттары, ошондой эле иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бул ишке таламдаш мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар менен кызматташтык болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 30-июлундагы N 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II Глава
Мугалимдин укуктары
5-статья. Мугалимдин кесиптик ишиндеги укуктары
Мыйзамда аныкталган зарыл билими жана тийиштүү педагогикалык квалификациясы бар адамдар улутуна, жынысына, тилине, социалдык тегине жана туткан динине карабастан, педагогикалык иш жүргүзүүгө укуктуу.
Мугалим:
— мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык келген жана билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун борбордук органы бекиткен окуу программаларын, окутуу формаларын жана усулдарын, окуу китептерин жана окуу куралдарын эркин тандап алууга;
— жаңы автордук программаларды, окуу китептерин жана окуу куралдарын иштеп чыгууга катышууга;
— новатордук усулдарды жана ыкмаларды түзүүгө жана пайдаланууга, илимий-педагогикалык эксперимент жүргүзүүгө, алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны ишке ашырууга;
— педагогикалык иште новатордук усулдарды жана ыкмаларды түзгөндүгү жана жайылткандыгы үчүн сыйланууга;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жекече педагогдук иш жүргүзүүгө;
— категорияны жогорулатуу максатында мөөнөтүнөн мурда аттестацияланууга;
— белгиленген тартипте беш жылда бир жолудан кем эмес квалификациясын жогорулатып турууга;
— жашы жетпегендердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого укуктуу.
Мугалим Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык өз ишин башка иш менен айкалыштырып иштөө укугунан пайдалана алат.
Мугалим мектепти башкарууга катышууга укуктуу.
Мугалимдин кызмат абалынын туруктуулугу ал мектепте билим берүү тутумун уюштуруу толук же жарым-жартылай өзгөртүлгөн учурда да кепилдикке алынат.
6-статья. Мугалимдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо
Кыргыз Республикасынын же башка өлкөнүн жараны катары, мугалимдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо кепилдикке алынат.
Мугалимдин кесиптик ишмердигин инспекциялоо жана контролдоо тутуму анын эркин чыгармачылык демилгесине чектөө киргизбөөгө тийиш. Аттестациянын жүрүшүндө жана башка учурларда мугалимдин ишине баа берүү калыстык менен жүргүзүлүүгө жана мугалимдин өзүнө маалымдалууга тийиш.
Мугалимдин ишин аттестациялоо, инспекциялоо жана контролдоо тартиби билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу борбордук органы иштеп чыккан жана бекиткен жоболор менен жөнгө салынат.
Жалпы билим берүүчү мектептердин, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин мугалимдерин, алардын кесиптик ишине байланышпаган айыл чарба жана башка жумуштарга тартууга жол берилбейт.
Окуучулардын ата-энелери, өзүнүн мүнөзү боюнча мугалимдин кесиптик милдетине кирген маселелерге жүйөсүз кийлигишүүгө укуксуз.
7-статья. Материалдык жактан камсыз болуу укугу
Мугалимдин кызмат акысынын өлчөмү «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте белгиленет.
Мугалимдин кызмат акысы финансы жылына (12 ай) эсептелет.
Жергиликтүү башкаруу жана өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин эсебинен ар бир категориянын чегинде мугалимдердин кызмат акысына кошумчаларды белгилеши мүмкүн.
Мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары камкорчулук кеңеши менен макулдашуу боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздүк, демөөрчүлүк каражаттардан педагог кызматкерлерине кошумча жана кошуп төлөөнү өз алдынча белгилей алат.
(Бешинчи бөлүк КР 2011-жылдын 8-августундагы N 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Мугалимдин стандарттык ченемден (ставкадан) ашкан окуу-тарбия ишине акы төлөнөт.
(Жетинчи бөлүк КР 2011-жылдын 8-августундагы N 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Сегизинчи бөлүк КР 2011-жылдын 8-августундагы N 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Тогузунчу бөлүк КР 2011-жылдын 8-августундагы N 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Мамлекет мектептердин мугалимдерине жана жетекчилерине республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден айлык акыны жыл ичинде толук көлөмдө өз убагында төлөп берүүнү камсыз кылат.
Мугалимдердин айлык акысы өз убагында төлөнбөгөн учурда, аны төлөп берүү «Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык индексациялоо менен жүргүзүлөт.
Бийик тоолуу жана алыскы айылдык райондордо иштеген мугалимдерге Кыргыз Республикасынын өкмөтү белгилеген тартипте жеңилдиктер жана айлык акысына кошумча төлөөлөр каралат. Турак жай аянты менен камсыз кылынбагандарга же турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондорго жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан турак жай куруу үчүн жер участоктору берилет. Мектептерде, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде иштеген илимдин кандидаты же докторунун окумуштуулук даражасы бар мугалимдерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча акы белгиленет.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган мугалимдин айлыгынан кармап калууларга тыюу салынат. Мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары окуучулардын тандоосу боюнча факультативдик сабактарды, курстарды өткөрүүгө, ийримдерди, клубдарды, илимий студияларды, спорттук жана башка бирикмелерди уюштурууга, лекцияларга акы төлөп берүүгө каражат бөлүүгө укуктуу.
(КР 2006-жылдын 28-декабрындагы N 210, 2009-жылдын 25-июнундагы N 189, 2010-жылдын 26-мартындагы N 56, 2011-жылдын 8-августундагы N 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-статья. Социалдык жактан камсыз болуу укугу
Мамлекет мугалимди анын репродуктивдик функциясына байланышкан эмгектик, турмуш-тиричиликтик жана социалдык жеңилдик шарттары менен камсыз кылат.
Жергиликтүү башкаруу жана өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жаш адистерге турак жай аянтын күтүү жана коммуналдык тейлөө боюнча эксплуатациялык чыгымдарын төлөөдө жеңилдиктерди же жекече турак жай курулушуна процентсиз ссудаларды бере алат.
9-статья. Эс алуу укугу
Мугалимдин эс алуу укугу окуу сааттарын сарамжал пландаштыруу, жумалык эс алуу берүү, ошондой эле мыйзамдарда каралгандай жыл сайын төлөнүүчү өргүүлөргө чыгаруу менен камсыз кылынат.
Мугалимдин жумуш күнүнүн жана жумуш жумасынын узактыгы Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамында каралган чектерде белгиленет.
10-статья. Саламаттык сактоо укугу
Мугалим саламаттыгын сактоого укуктуу, бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы, дарылоо-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүменен ишке ашырылат.
Мугалимге жыл сайын мамлекеттик дарылоо-профилактикалык мекемелерде милдеттүү түрдө амбулаториялык жана медициналык текшерүү жүргүзүлөт.
Мугалим Кыргыз Республикасынын өкмөтү белгилеген жеңилдик шартта санаторияларда жана эс алуу үйлөрүндө санаториялык-курорттук дарыланууга, пансионаттарда жана туристтик базаларда эс алууга укуктуу.
11-статья. Жер үлүштөрү менен камсыз болуу укугу
Айыл жеринде жашаган мугалимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дыйкан жана фермер чарбаларынын мүчөлөрү менен бирдей эле жер үлүштөрүнө, кыймылсыз мүлккө жана башка мүлктөргө ээ болууга укуктуу.
Райондук борборлордо, шаарчаларда, районго жана областка баш ийген шаарларда жашаган жана иштеген мугалимдерге турак үйдү кезексиз куруу жана дача участогун бөлүп берүү укугу берилет.
12-статья. Жогорку кесиптик жана орто кесиптик билим берүү
окуу жайларынын педагогикалык факультеттерин
бүтүрүүчүлөрдү чыныгы аскер кызматына чакырууну
кийинкиге калтыруу укугу
Айыл жерлерине иштөөгө жиберилген жогорку кесиптик жана орто кесиптик билим берүү окуу жайларынын педагогикалык факультеттеринин бүтүрүүчүлөрүнө айыл жерлериндеги мектептердеги, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде иштеген эмгектик ишинин бүткүл мезгилинде чыныгы аскер кызматына чакыруу кийинкиге калтырылат.
13-статья. Сыйлануу укугу
Жаш муундарды окутууда жана тарбиялоодо жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн мугалим билим берүүнүн борбордук мамлекеттик башкаруу органы тарабынан «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүлүшү мүмкүн.
14-статья. Мугалимдин ишинин айрым түрлөрүнө чектөөлөр
Мугалимге:
— мектепте диний, атеисттик үгүт иштерин жүргүзүүгө;
— мектепте саясий топторду, партияларды уюштурууга;
— шовинисттик, улутчул, милитаристтик идеологияларды жайылтууга;
— окуучуларды иш таштоо кыймылына жана саясий акцияларга тартууга;
— окуучуларга зордук-зомбулук кылууга тыюу салынат.
III Глава
Мугалимдин милдеттери жана жоопкерчилиги
15-статья. Мугалимдин милдеттери
Мугалим:
— окутууну жогорку кесиптик деңгээлде жүргүзүүгө, окуучулардын окуу программасын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын деңгээлинен кемитпей өздөштүрүүсүн камсыз кылууга;
— окуу-тарбия ишин ата-энеге, улууларга, Кыргызстандын маданий-тарыхый байлыктарына, анын мамлекеттик түзүлүшүнө урмат көрсөтүү духунда жүргүзүүгө, айлана-чөйрөгө сарамжал мамилени тарбиялоого;
— жалпы адамзатка таандык моралдык принциптерге: ак ниеттүүлүккө, эмгекти сүйүүгө, гуманизмге, патриотизмге, чындыкка, адилеттикке жана башка жакшы касиеттерге урмат көрсөтүүнүбекемдөөгө;
— өзүнүн педагогдук билимин жана устаттыгын тынымсыз өркүндөтүүгө;
— окуучулардын ар намысын жана кадыр-баркын урматтоого;
— окуучуларды өз ара түшүнүшүү, тынчтык, элдердин ортосундагы ынтымак рухунда аң-сезимдүү турмушка даярдоого;
— окуучулардын жекече чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
16-статья. Мугалимдин администрациялык, жарандык-укуктук жана
жазыктык жоопкерчилиги
Мугалим, укук тартибин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
IV Глава
Мугалимди даярдоо, кайра даярдоо жана
квалификациясын жогорулатуу
17-статья. Педагогикалык кадрларды даярдоо
Кыргыз Республикасында мугалим кадрларын кесиптик жагынан ар кыл типтеги, ар кандай түрдөгү жана менчиктин ар кандай формасындагы кесиптик педагогикалык орто жана жогорку окуу жайлары даярдайт.
Кесиптик педагогикалык окуу жайы инсандын, мамлекеттин жана коомдун алдында өз иши үчүн жоопкерчилик тартат. Кесиптик педагогикалык окуу жайдын ишинин анын уставында каралган максаттарга ылайык келээрине контролдукту өз компетенциясынын чегинде педагогикалык окуу жайдын уюштуруучусу (уюштуруучулары) жана билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензия берген билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун борбордук органы ишке ашырат.
Мамлекеттик кесиптик педагогикалык окуу жайларга педагогикалык адистиктер боюнча студенттерди кабыл алуу республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен мамлекеттик заказдын чегинде адистерди даярдоого кабыл алуу планы боюнча сынактык негизде жүргүзүлөт.
18-статья. Мугалим кадрларынын квалификациясын жогорулатуу , кайра даярдоо
Мамлекет мамлекеттик бардык типтеги мектептердин, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелердин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо үчүн шарттарды түзүүнүн кепилдигин алат.
Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу юридикалык жактар тарабынан Кыргыз билим берүү институту, мугалимдердин билимин өркүндөтүүнүн областтык институттары, жогорку окуу жайлары жана илимий уюмдар же мекемелер менен келишимдер боюнча юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Мамлекет мугалимдерге жана илимий-педагогикалык кызматкерлерге илимий-педагогикалык, окуу-усулдук, ойлоп табуучулук, эксперименталдык жана эксперттик иш үчүн чыгармачылык өргүүберүүнүн кепилдигин алат.
Мугалимдердин жана илимий-педагогикалык кадрлардын квалификация-
сын жогорулатуунун мыйзамдарда жөнгө салынбаган тартиби, түрлөрү жана формалары Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан белгиленет.
V Глава
Корутунду жоболор
19-статья. Ушул Мыйзамды жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча
мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин,
уюмдардын жана кызмат адамдарынын милдети жана
жоопкерчилиги
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар жана алардын бирикмелери, мекемелер, уюмдар, кызмат адамдары, билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин чегинде ушул Мыйзамды жүзөгө ашырууну камсыз кылат. Мугалимдердин укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча милдеттерин аткарбаган же чала аткарган кызмат адамдары жана башкалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Администрациялык башкаруу жагынан кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөтүлгөн органдардын жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери менен мугалимдерге келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук көлөмдө толтурулат.
20-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам 2001-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген.
Кыргыз Республикасынын өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
2000-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан кабыл алынган